Креативдүү кесиптер Академиясы АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосу менен жыйынтыктоочу иш-чара өткөрүп, конкурстун алкагында графикалык дизайн жана социалдык медиа маркетинги боюнча курстарынын эң таланттуу он төрт катышуучусу жаңы өнөрлөрүн көрсөтүштү. Долбоордун жана жеке компаниялардын өкүлдөрүнөн турган калыстар тобу биринчи, экинчи жана үчүнчү орундардын жеңүүчүлөрүн аныктап, аларга сыйлыктарды тапшырды. Креативдүү кесиптер Академиясы долбоору «Жандан креатив» коомдук фонду тарабынан АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилиги менен биргеликте ишке ашырылды.
Креативдүү кесиптер Академиясы жумушка орношууда жана билим алууда тоскоолдуктарга туш болгон 400 улан-кызга графикалык дизайн жана социалдык медиа маркетинг боюнча виртуалдык IT тармагы боюнча акысыз курстарды уюштурду, алардын 20% майыптыгы бар адамдар. Эксперттик комиссия катышуучуларды сынактык негизде тандап алган. Долбоорго өлкөнүн жети облусунан 16 жаштан 35 жашка чейинки кыз-жигиттер катышты. Курстун бүтүрүүчүлөрүнө бул өнөрү жаңы карьералык жолдорду жана атаандаштык чөйрөлөрүндө стажировкаларды изилдөө үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Практика программасына эки курстан жалпысынан 14 катышуучу катышат.
Академия катышуучуларга портфолио түзүүгө, коштомо каттарды жана резюмелерди жазуу жөндөмүн өнүктүрүүгө, интервьюга даярданууга жардам берген курстарды сунуштайт. Долбоор инклюзивдик болуп, майыптыгы бар адамдар үчүн сурдокотормочуларды жана жазылган сабактарды камсыз кылуу менен шарт түзүп берет. Курстарды жергиликтүү тажрыйбалуу инструкторлор, ал эми мастер класстарды жеке компаниялардын графикалык дизайн жана социалдык медиа маркетинг тармагындагы жергиликтүү жана америкалык эксперттер беришет.
2020-жылдан бери 1730 катышуучу графикалык дизайн, санариптик маркетинг, видео өндүрүш, веб-иштеп чыгуу, контентти башкаруу жана социалдык медиа маркетинг боюнча курстарды аяктады.
###
Креативдүү кесиптер Академиясы тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн, төмөнкү сайтка кириңиз: https://creative-academy.kg/