Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Москва шаарына барат
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Москва шаарына барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 11-13-декабрда жумуш сапары менен Россиянын Москва шаарына барат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапарынын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына катышат.

КМШнын Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынында бир катар документтерге кол коюу менен мындан аркы экономикалык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде транспорттук комплексти санариптик трансформациялоо жаатында, пенитенциардык кызматтар үчүн кадрларды даярдоо маселелери талкууланат, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин өз ара соодасындагы тоскоолдуктар, 2025–2026-жылдарга карата КМШга мүчө-мамлекеттердин гуманитардык кызматташтыгы жаатында жана башка маселелер каралат.