Жаңылыктар
Бөйрөк алмаштыруу боюнча 20 операция жасалды
Кыргызстан жаңылыктары
Бөйрөк алмаштыруу боюнча 20 операция жасалды

Ушул жылы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бөйрөк алмаштыруу боюнча 20 операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, декабрь айында дагы 2 операция пландалган.

Бардык операциялар акысыз, ага мамлекет тарабынан каражат бөлүнгөн.

Ал эми кийинки жылы дагы 50 операция өткөрүү пландалууда.