Жаңылыктар
Өлкөдө −35 градуска чейин суук болот
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө −35 градуска чейин суук болот

Эртең, 11-декабрда абанын температурасы акырындык менен төмөндөйт. Кыргызгидромет катуу суук болорун эскертти. Синоптиктердин маалыматы боюнча өлкөдө −35 градуска чейин суук болушу күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн −10…-15°, күндүз −4…-9°;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн −6…-11°, күндүз −1…-6°;

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн −12…-17°, күндүз −2…-7°;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн −18…-23°, күндүз −6…-11°;

Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн −30…-35°, күндүз −14…-19° суукка чейин төмөндөйт.