Жаңылыктар
Ташиев: Чек ара чечилгенде “сен уттуң, мен уттум” деген болбойт (видео)
Кыргызстан жаңылыктары
Ташиев: Чек ара чечилгенде “сен уттуң, мен уттум” деген болбойт (видео)

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин 11-декабрдагы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча документтер парламентке 2025-жылдын январь айында киргизилерин, чек арага байланыштуу маселе ачык-айкын талкууланарын билдирди. 

“Тажикстан менен чек араны толук такташып, макулдашууну бүтүрдүк. 11-декабрда картографияны сызып даярдап баштайбыз. Бардыгы ачык-айкын болот. Ар бир тилке, айыл, участок, көпүрө боюнча отчет берүүгө даярмын. Кудай буюрса чек ара эки тараптуу, достук келишимде чечилди. Чек ара чечилгенде “сен уттуң, мен уттум” деген болбойт”, - деди Камчыбек Ташиев

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк жумуш топтору бардык тилкелер боюнча тактоо иштери толук аяктаганы 4-декабрда жарыяланып, жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилген.

 972 чакырым узундуктагы эки өлкө чек арасын тактоо иштери 1990-жылдардын орто ченинде башталып, азырга чейин тараптар айрым участоктор боюнча тил табыша албай келген. Чек ара такталбагандыктан ортодо жер-суу талаштарынан чыр-чатактар көп чыгып, 2021 жана 2022-жылдары ири масштабдагы кандуу кагылышуулар да болгон.