УКМК төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев бүгүн Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргызстандын аймагына чет жактан мыйзамсыз ташылып келинген автоунаалар боюнча жыйын өткөрдү. Ага Президенттик администрациянын, УКМКнын, ИИМдин, Мамлекеттик бажы кызматынын, Салык кызматынын жана автоунаа каражаттарынын колдонуучуларынын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Буга чейин Кыргызстан Абхазия унааларынын номурларын жана башка документтерин тааныбай турганы, андыктан ал өлкөдөн алынып келинген унаалар мыйзамсыз экени айтылган. Мындан улам, тийиштүү органдар тарабынан атайын текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүп, Армения менен Абхазиядан кирген унаалар айып короо жайына токтотулууда. Мындай көрүнүшкө айрым айдоочулар нааразычылыгын билдиришип, өлкө жетекчилигине кайрылышкан.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев нааразычылыгын билдирип жаткан айдоочулардын пикирин угуп, аларга 2015-жылы Кыргызстанга оң рулдуу унааларды ташып кирүүгө тыюу салынган мыйзам бар экендигин эскертти. Ошондой эле, мыйзамсыз түрдө өлкөгө кирген унааларды пайдаланууга жол берилбестигин, баары мыйзамдын чегинде көзөмөлдө болоорун белгиледи.
Азыркы учурда Кыргызстанда 15 миңге чукул Армения менен Абхазиядан келген унаалар бар, алардын 90% оң рулдуу. Аталган унаалардын көпчүлүгү комплектөөчү катары алынып келинип, кураштырылган. Мындай унаалар мыйзамсыз болуп, жол кырсыктары катталып, адам өмүрүнө да коркунуч келтирилген учурлар катталууда. Алсак, Кыргызстандагы жол кырсыктарынын үчтөн экиси оң рулдуу унаалардын кесепетинен болуп жатат.
Андыктан Камчыбек Ташиев мыйзамсыз автоунаа каражаттарынын колдонуучуларынын өкүлдөрүнө кайрылып, мыйзамсыз унааларды пайдаланууга жана өлкө аймагына алып кирүүгө бүгүндөн тарта катуу чаралар колдонула тургандыгын айттып өттү. “Бир дагы мыйзамсыз автоунаа Кыргызстандын аймагында жүрбөөсү керек, силер жеке өзүңөрдү ойлоп 5000-6000 долларга алган унааңар жарандардын өмүрүнө коркунуч жаратууда. Силер бизди “нааразычылык акцияларына чыгабыз”- деп коркутпагыла, мыйзамсыз алып келип, “легалдаштырып бергиле”- деп, доо да койбогула! Президентибиз Садыр Нуркожоевичтин тапшырмасынын негизинде – автоунаа ээлеринин кандайдыр бир документи барларын, техникалык абалы жакшыларын карап чыгып, мыйзамдаштырып берели деп жатабыз, бирок алардын ичинде мыйзамдашпай тургандары да бар. Азырынча чечим кабыл алына элек, унааңар мыйзамсызбы, анда айдап чыкпагыла,” – деп эскертти.
Ал эми жолугушуунун жүрүшүндө тийиштүү мекемелердин жана автоунаа каражаттарынын колдонуучуларынын өкүлдөрү тарабынан айтылган сунуш-пикирлердин баарын эске алуу менен жакын арада тийиштүү чечимдер кабыл алына турганы белгиленди. Ошондой эле УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан бардык тийиштүү органдарга бул боюнча тапшырмалар берилди.