Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Орусиянын Москва шаарына барды.
Жумуш сапардын алкагында 12-13-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин кмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындарына катышат.
Жыйындардын жүрүшүндө интеграциялык бирикмелердин алкагындагы экономикалык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, маданий-гуманитардык кызматташтык жана башка маселелер талкууланат.