Жаңылыктар
Жаңы жылдан тарта маркаланбаган бензинди сатууга тыюу салынат
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы жылдан тарта маркаланбаган бензинди сатууга тыюу салынат

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын 1-январынан тарта өлкөдө маркасы жок күйүүчү майды жүгүртүүгө тыюу салынаарын эскертүүдө.

Маалыматка караганда, Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы токтомуна ылайык, көрсөтүлгөн күндөн тартып маркаланбаган бензинди жана дизелдик отунду сактоого, сатууга жана ташууга тыюу салынат.

Мунайзаттарды жүгүртүү менен алектенген субъекттер 2024-жылдын 31-декабрына чейин отундун бул түрлөрүнүн калдыктарын маркалашы керек.

2024-жылдын 1-октябрынан тарта Кыргызстанда молекулярдык маркерлерди колдонуу менен импорттолуучу жана өндүрүлгөн бензин менен дизелдик отунду милдеттүү түрдө маркалоо киргизилген. Салык кызматы "Учкун" ААКнын күйүүчү майды маркалоо оператору менен биргеликте октябрдан декабрь айына чейин 230 миң тонна бензин жана дизелдик отунду маркалаган.

Мындан сырткары маркалоо системасын киргизүү менен ноябрь айында күйүүчү-майлоочу материалдардан акциз салыгынын түшүүсү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 59% көбөйүп, 349,5 млн. сомду түзгөн.