Жаңылыктар
Айтматов тирүү болгондо бүгүн 96 жашка толмок
Кыргызстан жаңылыктары
Айтматов тирүү болгондо  бүгүн 96 жашка толмок

Айтматов тирүү болгондо  бүгүн 96 жашка толмок 

 

Ааламга атагы тараган айтылуу Айтматовдун чыгармалары бир гана кыргыз абадиятынын эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн орток мурасы болуп саналат эмеспи. Кыргыз улуттук адабияттына көз чаптырсак а дегенде “Манас” эпосу, андан кийин эле Чыңгыз Айматовдун адабий ааламы эске келет. Дал ушул белгилүү кыргыз жазуучусу, мамлекеттик ишмер, дипломат, журналист, ойчул Чыңгыз Айтматовдун көзу тирүү болгондо бүгүн 96 жашка чыкмак. Улуу инсандын  дүйнөдөн кайтканына быйыл 16 жыл болду.


АЙТМАТОВ ТУУРУЛУУ  КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР 

  • Айтматовдун жазуучулук жолу Москвадан башталган.
  • Айтматов 1958-жылы жазган «Жамиля» чыгармасын француз акыны Луи Арагон француз тилине которгондон кийин дүйнөлүк атак-даңкка ээ болгон.
  • Айтматов 2008-жылдын март айына чейин Кыргызстандын Франция, Бельгия, Люксембург жана Нидерландыдагы элчиси болуп иштеген.
  • Айтматовдун үч уулу, бир кызы бар.
  • Дүйнөгө белгилүү жазуучунун китептери 176 тилге которулуп, 128 өлкөдө басылып чыккан.
  • Айтматов Турция жергесине “Кызыл жоолук жалжалым” чыгармасы аркылуу таанылган