УКМК тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында коррупцияга шектелип кармалган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы жетекчиси, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Жалал-Абад облусунун экс-губернатору У.С.И., 1995-жылдын декабрынан 1996-жылдын апрелине чейин «Кыргызтрансавто» мамлекеттик акционердик коомунун төрагасы болуп турган учурда айрым кызмат адамдарынын көмөгү менен "Токчулук" мамлекеттик акционердик коомунун акцияларын мамлекеттин эсебинен сатып алып, андан кийин мурдагы Балыкчы эт комбинатынын кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз жеке менчикке алып чыкканы аныкталганын билдирди. Азыр жогорудагы кыймылсыз мүлктүн наркы 626 млн. сомду түзөт.
Азыркы учурда белгиленген коррупциялык схемага башка адамдардын катышы аныкталууда жана мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктү кайтарып алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Атайын кызмат бирок кармалган адамдын аты-жөнүн толук жарыялаган жок. Бирок ал Урманаев Султан Исакунович экени айтылууда. Жогорудагы инициал анын аты-жөнүнө туура келет.
Султан Урманаев азыр 76 жашта. Ал 2000-жылга чейин өзгөчө кырдаалдар министри, 2000-2002-жылдары Жалал-Абад облусунун губернатору, 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болгон.