Жаңылыктар
Нарында “Окурман автобуста” акциясы өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында “Окурман автобуста” акциясы өттү

Нарын шаарында 12-декабрда кыргыз адабиятынын залкары Чыңгыз Айтматовдун төрөлгөн жана акын, котормочу Алыкул Осмоновдун дүйнөдөн өткөн күнүнө карата “Окурман автобуста” акциясы өттү. Анын жүрүшүндө залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен Алыкул Осмоновдун чыгармалары окулуп, обондуу ырлары аткарылды.

Маданий иш-чараны С.Орозбаков атындагы Нарын облустук китепканасынын маалымат берүү бөлүмү уюштуруп, каттамга чыккан коомдук транспорт ичинде  жүргүнчүлөргө Улуттук адабият күнү, анын мааниси жана китеп окуу акциясынын  максаттары боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле китепканачылар Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү окуп, ал жазуучунун кайсы чыгармасына таандык эпизод экендигин биринчи тапкан, А.Осмоновдун ырларын жатка билген жана ырларын көркөм окуп берген жүргүнчүлөргө китеп белек кылышты. Аны менен катар эле обону композитор Муратбек Бегалиевге таандык  болгон Чыңгыз Айтматовдун “Ысык-Көлдү сагынуу”, Алыкул Осмоновдун обондуу ырлары маданият өнөрпоздору тарабынан аткарылды. 

Мындан тышкары аталган китепкананын тейлөө бөлүмү тарабынан “Айтматов -кылымдарды сүйлөткөн жазуучу” деген темада “Эмне? Кайда? Качан?” форматында адабий таймаш уюштурулуп, ага окурмандардан турган “Окурман” жана китепканачылардан түзүлгөн “Китепстан” командалары катышып, Айтматовдун өмүрү чыгармачылыгы тууралуу суроолорго жооп беришти.

Улуттук адабият күнүнө арналган маданий жана адабий иш-чаралар дүйнө жүзүн калеми менен багынткан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жана акын, котормочу  Алыкул Осмоновдун чыгармаларын, поэзияларын элге таанытуу  менен окурмандарды китеп окууга үндөө максатында уюштурулду.

Китепкана фондунда Чынгыз Айтматовдун 200дөн ашык, классик акын Алыкул Осмоновдун 100дөн ашык китептери бар.

Кыргыз өкмөтүнүн чечими менен 2011-жылдан бери 12-декабрь - Улуттук адабият күнү катары белгиленип келе жатат. Бул күндү майрам катары белгилөө 1928-жылы 12-декабрда кыргыз адабиятынын белгилүү классиги Чынгыз Айтматовдун төрөлгөн жана 1950-жылдын 12-декабрында акын, котормочу Алыкул Осмоновдун дүйнөдөн өткөн күнүнө карата улуттук маданияттын кайра жаралуусундагы маанилүү орунду ээлеген кыргыз адабиятын сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу максатында демилгеленген.