УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жардам сурап кайрылган бир туугандарга 2 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.
Ушул жылдын 28-октябрында 1989-жылы туулган Н.Жүдөмүшова аттуу жаран 4 бир тууганы (4 кыз 1 уул) менен турак жайы жок батирлеп жашап жүрүшкөндүгүн, 2002-жылы туулган жалгыз иниси 1-топтогу майып, көзү азиз экендигин айтып, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге жардам сурап кайрылган. Аталган бир туугандардын атасы 2012-жылы, апасы 2007-жылы ооруудан улам каза болгон.
Бул аралыкта Н. Жүдөмүшова бир туугандарын өзү багып чоңойткон. Жүдөмүшованын туруктуу жумушу жок, учурда идиш жууп күнүмдүк тиричиликке акча табат. Иниси майып болгондуктан, аны дарылоого да каражаты жетишсиз. Ал эми бир туугандар турак жай маселесин чечүүдө буга чейин бир нече жерге кайрылып, бирок жыйынтык болгон эмес.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 12-декабрда жардамга муктаж бир туугандарга керектүү шарттары бар батирдин ачкычын тапшырып, жылуу каалоо тилектерин айтты. Өз кезегинде Н.Жүдөмүшова жана анын бир туугандары УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге турак жайлуу болууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдиришти.