Ички иштер министрлиги Бишкекте бир күн мурда болгон карактоо окуясы тууралуу бүгүн кечке жуук толукталган маалымат таратты.
Бул маалыматка караганда, 11-декабрь күнү саат 16:50дө, ордо калаанын Чокморов көчөсүндө бычак менен куралданган беткапчан белгисиз төрт адам банктан 31 264 000 рубль акча каражатын алып, жумушка бара жаткан 20 жаштагы А.М. жана 28 жаштагы Б.Н. аттуу жарандарга каракчылык кылып кол салган.
Аларга күч колдонуу менен денесине залал келтирип, акча салынган рюкзакты тартып алган да, кылмыш болгон жерден башка номер коюлган "Форд Фокус" үлгүсүндөгү автоунаа менен качып кетишкен. Андан ары шектүүлөр бул машинени Чуйков көчөсүнө калтырып, чет элдик номердеги “Лада” үлгүсүндөгү башка автоунаа менен из жашырып кеткен.
Колу жана бети кесилген жабырлануучулар ошол эле замат ооруканага жеткирилип, керектүү жардам көрсөтүлгөн.
Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Каракчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр изделүүдө.