Президент Садыр Жапаров автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүүнү киргизүү сунушуна каршы экенин өлкө башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, бул демилгени мамлекет башчысы төмөнкү жүйөөлөрдүн негизинде колдобойт:
Учурда өлкөдөгү эски унаалардын саны азайган. Такси кызматын көрсөткөндөр автоунааларынын техникалык абалы жакшы болушуна биринчи кезекте өздөрү кызыкдар. Эң башкысы, милдеттүү түрдө техникалык кароону киргизүү бул функцияны өзүнө алган органда коррупциялык тобокелдиктерге жол ачуу ыктымалдыгы жогору.
Ушул жүйөлөрдү эске алуу менен президент Садыр Жапаров техкароону кайра киргизүүнү караган мыйзам долбоорун коомдук талкуудан алып коюу сунушун берген.
Экономика жана коммерция министрлигинин Кыргызстанда автоунааларды техникалык кароодон милдеттүү өткөрүүнү сунуштаган долбоору быйыл 1-августта коомдук талкууга коюлган эле. Министрлик мындай чара экологиялык абалды жакшыртуу максатын көздөрүн белгилеген.