Эртең Бишкекте Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда футбол боюнча “Мурас” салттуу достук мелдеши башталат.
Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, 14-15-декабрь күндөрү өтчү турнирге ар тармактардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн командалар катышат. Достук мелдеши "Газпром" спорт комплексинде өтөт.
Быйыл турнирге 16 команда катышат. Алар: "Президенттин командасы", "Жогорку Кеңеш", "Көзөмөл", "Аймактар", "Ден соолук", "Коопсуздук", "Фемида", "Спорт чеберлери", "Журналистер", "Өнөр", "Билим", "Достук", "Динамо", "Ыйман", "Банктар жана бизнес", "Ноокат".
Бул ирет республикалык масштабда ойнотулган "Мурас-Аймак" мелдешинин жеңүүчүсү Оштун "Ноокат" командасы "Мурас" турнирине жолдомо алып кошулду.