Жаңылыктар
БУУ Эл аралык ак илбирс күнүн кабыл алуу менен Кыргызстандын демилгесин колдоду
Кыргызстан жаңылыктары
БУУ Эл аралык ак илбирс күнүн кабыл алуу менен Кыргызстандын демилгесин колдоду

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын тийиштүү резолюциясынын негизинде 23-октябрь – Эл аралык ак илбирс күнү катары кабыл алынды. 

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди: "Урматтуу достор, силерге жакшы жаңылыгымды айта кетейин. Муну менен Бириккен Улуттар Уюму президент Садыр Жапаровдун Эл аралык ак илбирс күнүн белгилөө демилгесин колдоп берди. Бул тарыхый окуя Кыргызстандын Борбор Азиядагы кайталангыс табиятты сактоо боюнча аракеттеринин глобалдык маанисин ачыктап турат. Мындан ары бийик тоолуу экосистеманын символу болгон ак илбирс эл аралык күн катары белгиленет", - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.

Быйыл сентябрь айында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-жыйынында президент Садыр Жапаров ак илбирс региондун туруктуу өнүгүүсүнүн символуна айланганын айтып, аны сактоо боюнча Кыргызстандын аракеттерин тизмектеген.

Ошондой эле өткөн жылы мамлекет башчысы Садыр Жапаров “Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө” жарлыкка кол койгон.