Жаңылыктар
Парижде "Дивану Лугат ат-түрк” китебинин 950 жылдыгы белгиленет
Кыргызстан жаңылыктары
Парижде "Дивану Лугат ат-түрк” китебинин 950 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 13-декабрда ЮНЕСКОнун Париждеги баш кеңсесинде Махмуд Кашгаринин "Дивану Лугат ат-түрк” (Түрк тилдеринин сөздүгү) чыгармасынын 950 жылдык мааракесине карата Түрк маданияты жана мурасы фонду тарабынан конференция уюштурулат.

Түрк маданияты жана мурасы фонду билдиргендей, конференцияда дүйнөгө таанымал түркологдор жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Махмуд Кашгаринин дүйнөлүк лексикографияга жана маданиятка кошкон салымы тууралуу сөз кылышат. Ошондой эле чыгарманын орус жана азербайжан тилдериндеги котормолору, улуу түркологдун өмүрү жана ишмердүүлүгү тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, көргөзмө өтөт.

2017-жылдан бери ЮНЕСКО "Дивану Лугат ат-түрк" китебин Дүйнөлүк материалдык мурастар тизмесине кошкон. Китепти басып чыгаруу «Адамзат тарыхы» программасына тапшырылган. 2024-2025-жылдары ЮНЕСКОнун сунушу менен китептин 950 жылдыгына карата бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда. Бүгүнкү иш-чара алардын бири.

Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Райымкулова ЮНЕСКОдо өтө турган конференцияга Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Түркмөнстан, Венгрия жана башка өлкөлөрдөн илимпоздор катыша турганын белгиледи.

Түрк элдеринин энциклопедиясы деп аталган «Дивану Лугат ат-түрк» китеби 9000 сөздөн турат. Анда географиялык аталыш катары 50 облус, 63 шаар, 22 конуш, 49 турак-жайдын аталышы эскерилет. Ошондой эле китепте эл жашаган жана иштеген маданий-тиричилик объектилери, 106 тиричилик буюмдарынын аталыштары, кийимдердин 62 түрү, токуу куралдарынын 53 түрү, ок-дарылардын 58 түрү жана жаныбарларга байланыштуу 38 цитата келтирилген. Кошумчалай кетсек, китепте 758 ыр, 2667 макал сыяктуу адабият үлгүлөрү камтылган. Бул китепте байыркы жана бай түрк тарыхы менен сөз байлыгы камтылган.

Махмуд Кашгари 1072-жылдын 25-январында «Дивану Лугат ат-түрк» китебин жаза баштаган. 20-кылымда Стамбулдагы китепканачы Бурхан Эфенди бул китепти кокустан ыргытылган китептердин арасынан таап, жарыкка алып чыккан. Дагы бир түрк окумуштуусу Али Амарли Эфенди китептин баасын түшүнүп, аны кымбат баада сатып алган. Кийинчерээк Али Амири Эфенди Стамбулда Улуттук китепкананы негиздеген.