Жаңылыктар
Эки элдин ортосунда эч кандай талаш-тартыш маселелери болбош керек. Президент кыргыз-тажик чек арасы боюнча комментарий берди
Кыргызстан жаңылыктары
Эки элдин ортосунда эч кандай талаш-тартыш маселелери болбош керек. Президент кыргыз-тажик чек арасы боюнча комментарий берди

Жакында Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы толук чечилгенин билдирген. Бүгүн "Кабар" агенттиги чек ара маселеси кандай шарттарда чечилгенине кызыгып, мамлекет башчысы Садыр Жапаровго бир катар суроолорду узатып, жооп алды.

– Саламатсызбы Садыр Нургожоевич. Жакында Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, кыргыз-тажик чек арасы толук чечилгенин билдирген эле. Ушул маселе боюнча кененирээк айтып берсеңиз? Кошуна өлкө менен талаштуу жерлер кандай шарттар менен чечилди?

– Саламатчылык! Албетте, эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алуу менен чечилди. Эки өлкөнүн ортосунда чек ара меселесин делимитациялоодо бир жактын кызыкчылыгын жогору коюп чечип алуу деген болбойт. Сөзсүз бирдей кызыкчылык болуш керек. Талаш жерлерде да тил табыштык десек болот. Анткени илгертен талаш болуп келген жерлерди теңме-тең (50/50) менен бөлүштүк. Айрым жерлерди теңме-тең алмашуулар болду. Азыр кагаз иштери аяктоо алдында турат.

Кудай буюрса, эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы ишин аяктап кол коюп келишсе, тышкы иштер министрлери кол коюшат. Андан кийин Парламенттерден ратификациядан өтсө эки президент кол коебуз. Ошону менен бүтөт. Орто Азия өлкөлөрүнүн арасында чек ара талаш маселеси болбойт. Башка коңшу өлкөлөр менен чек ара маселесин тактап бүткөнбүз. Башка Орто Азия өлкөлөрү да бири-бири менен делимитация маселесин бүтүшкөн.

– Тажикстан менен чек ара постторубуз ачылабы? Качан ачылат?

– Эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы ишин бүтөөрү менен ачылат. Жергиликтүү элдин талабы да бизге ушундай болчу. Делимитация иштери бүткөндө ачкыла деген. 3 жылдан бери чек ара посттору жабык турат. Мындан эки тарап тең экономикалык зыянга учурады. Соода-сатык токтоп калды. Эми чек ара постторун ачып, эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатыкты эң жогорку денгээлге чейин чыгарышыбыз керек.
Мындан ары эки элдин ортосунда эч кандай талаш-тартыш маселелери болбош керек. Эки эл ынтымактуу жашасак ошол өрөөнгө инвесторлор, туристтер агылып келет. Эки элдин жашоо турмушу оңолот. Чек ара маселеси бүтпөгөн жерге эч бир инвестор келбейт экен, кызыкпайт да экен.

Маектешкен Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев