Жаңылыктар
Коргоо министринин жардамчысы кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Коргоо министринин жардамчысы кармалды

Коргоо министринин жардамчысы, полковник пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ага Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (мамлекеттик же муниципалдык кызматтын тутумунда кызмат берүү үчүн пара алуу) менен кылмыш иши козголгон.

Текшерүү учурунда аныкталгандай, кармалган полковник өзүнүн меркантилдик максаттарын көздөп, акчалай сый акы үчүн Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин айрым аскер кызматкерлерин карьералык тепкич боюнча дайындоо жана жогорулатуу менен алектенгендиги аныкталган.

2024-жылдын 25-майында ал Бишкек шаарынын Аскер комиссариатынын Октябрь райондук бөлүмүнүн кызматкеринен Коргоо министрлигинин аймактык бөлүмүнүн комиссариатына которуу үчүн 100 миң сом алган.    

Козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2024-жылдын 12-декабрында полковник  Коргоо министрлигинин Бишкек гарнизонунун аскер комендатурасынын башкармалыгына киргизилди.