Жаңылыктар
Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин Төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин Төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Касымалиев Адылбек Алешович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин милдеттерин аткаруучу болуп дайындалды. 
 
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин кызмат ордуна дайындоо үчүн Адылбек Касымалиевдин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.