Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы кызматынан бошотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Жапаров Акылбек Усенбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынан кабарлашты.

 Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинети 2021-жылдын октябрь айында кызматка киришкен. Алтымыш жаштагы Акылбек Жапаров бул кызматта үч жылдан иштеди.