“Биздин максатыбыз - ар бир кыргызстандык үй-бүлөнү үй-жайлуу кылыш”, - деп белгиледи бүгүн, 16-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы Скрябин көчөсүндө курулган Мамлекеттик ипотекалык компаниянын батирлерин тапшыруу аземинде.
Мамлекет башчысынын сөзү:
“Урматтуу мекендештер!
Ордо калаабыздын кымбаттуу тургундары!
Өлкөдө узак мезгилден бери үйгө муктаж жарандарыбызды турак жай менен камсыз кылуу маселеси мамлекеттин алдындагы негизги милдеттерден болуп келген.
Ушундан улам, өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган башка маселелер менен катар Мамлекеттик ипотекалык компанияны уюштуруу аркылуу турак жай маселесин чечүүгө белсендик эле.
Келип түшкөн арыздардын негизинде азыркы тапта республика боюнча турак жай алуу кезегине 40 миңден ашуун жаран катталган.
Элестетип көрүңүздөр, 40 миң киши – дээрлик бир райондун же бир шаардын калкы!
Бирок биз бул көйгөйдөн качпай, “Көз коркок, кол баатыр” деген макалдагыдай, жарандардын үй маселесин четинен чеүүгө киришкенбиз.
Билесиздер, муктаждарга турак жай куруп берүү максатында
мамлекеттик деңгээлде ири курулуш долбоорлору башталган.
Мурда мамлекеттик ипотекалык насыялар коммерциялык банктар аркылуу берилчү.
Мындай жагдайда өлкөбүздө турак жай фондунун тартыштыгы
турак жайлардын бааларынын кескин өсүшүнө алып келди.
Бул дагы элдин чөнтөгүнө туура келбей, турак жай маселеси чечилбеген бойдон туруп калды.
Ошондо жарандарга жардам болсун деп, аларды жеткиликтүү шартта камсыз кылуу максатында мамлекет Турак жай фондун кеңейтип, көп кабаттуу үйлөрдү салууга кириштик.
Мына ошол аракетибиздин алгачкы үзүрүн эми көрө баштадык деп айтсак болот.
Мындан улам, мамлекеттин эл үчүн кам көргөн ийгиликтеринин бири – Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган
бүгүнкү турак-жай комплексинин ачылышы менен баарыңыздарды чын дилимден куттуктаймын!
Урматтуу агайын-туугандар!
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча жалпы 40 миңден ашуун батирдин курулушу кызуу жүрүп жатат. Алар да жакынкы жылдары бутуп калат.
Бул масштабдуу долбоорлор мамлекеттин каржылык колдоосу менен ишке ашырылып, курулуш үчүн олуттуу бюджеттик каражаттар бөлүнүп жатканын билесиздер.
Мындан тышкары, эл аралык жана жергиликтүү инвесторлорду тартуу менен курулуш иштерин тездетүү жана сапатын жакшыртуу боюнча чаралар көрүлүүдө.
Мына ошол масштабдуу долбоорлордун бири, 2023-жылдын башында башталып, бүгүн биз тасмасын кесип, ачылышын жасап жаткан көп кабаттуу ипотекалык үйлөрдүн салынып бүтүшү, Кыргызстандын өнүгүү жолундагы дагы бир маанилүү кадамы десем жаңылышпайм.
Биз турган Скрябин көчөсүндө бул көп кабаттуу турак жай комплекси 7 блоктон турат. Анын ар бири 15 кабаттан болуп, жалпысы 549 батир курулду.
Бул батирлер Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу кезекте турган социалдык багыттагы кызматкерлерге жана ошондой эле курулушка 50% үлүш кошуу шарты менен кирген мигранттарыбызга жана башка жарандарыбызга берилип жатат.
Буга чейин да түшүндүрмө бердим эле, азыр да айтып коеюн, 50% өлчөмүндөгү алдын ала төлөмдөр кезекте турган кийинки жарандарга турак жай курууну тездетүүгө бир топ эле салым болот.
Ошондуктан кезекте турган бардык жарандарыбыз мурдакыдай 10 жылдап кезекте турбай жакын арада батирлуу болосуздар.
Эч кам санабай чыдап турунуздар.
Биздин максатыбыз, ар бир Кыргызстандык үй-бүлөөнү үй-жайлуу кылыш.
Бир дагы Кыргызстандык үй-бүлөө үйүм жок деп чет өлкөлөп же квартиралап жүрбөшү керек. Биз ушул максатыбызды жакынкы убактарда толук аткарабыз.
Урматтуу Бишкектиктер!
Дагы бир жакшы жаңылыкты сиздер менен бөлүшө кетейин.
Жакынкы күндөрдө дагы бир маанилүү турак жай долбоорунун
алгачкы этабы ийгиликтүү аягына чыгышы күтүлүүдө.
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, мурдагы №47 колониянын ордуна турак жай курулушу башталган.
Буюрса, бүрсүгүнү ал жерден дагы миндеген шаардыктарды
турак жай менен камсыздайбыз деп турабыз.
Өлкөбүз сейсмикалык активдүү чөлкөмдө жайгашкандыктан,
турак жайлардын курулушунун сапатына чоң маани берилүүдө.
Бардык иштер улуттук курулуш ченемдери менен талаптарына
жана эл аралык стандарттарга ылайык ишке ашырылууда.
Мен ар дайым курулуштун ар бир этабына катуу көзөмөл жүргүзүлүшүн талап кылып келем.
Ошону менен катар заманбап материалдар колдонулушуна басым жасалууда.
Бул турак жай комплексинин аймагында заманбап инфратүзүм: эс алуучу жашыл зоналар, балдар аянтчалары, спорт аянтчалары жана
унаа токтотуучу жайлар эске алынган.
Албетте, мунун баары – жарандарыбызды бекем жана коопсуз үйлөр менен камсыз кылууга көрүлгөн чаралар.
Учурдан пайдаланып, айрым жарандарыбызды сарсанаага салган бир жагдайга токтоло кетейин. Турак жай алам деп кезекке тургандарды “жакын тааныштары аркылуу” алдыга жылдыруу же башка жолдор менен кезегин эртелетүү мүмкүн эмес.
Түзүлгөн система бардык жарандарга бирдей мүмкүнчүлүк берип, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербейт. Мамлекеттик ипотека менен үй алуу процесси толугу менен санариптештирилген, электрондоштурулган.
Урматтуу мекендештер!
Мамлекеттик ипотекалык компания алдыдагы 4-5 жыл ичинде
кезекте турган үй-бүлөөлөрдү турак жай менен толук камсыз кылуу максатын көздөп жатабыз.
Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын мындай амбициялуу пландары Кыргызстандыктардын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталат.
Бул турак жай долбоорлору мамлекеттин социалдык жана экономикалык стабилдүүлүгүн чыңдоого багытталган саясаты экенин белгилей кетейин.
Эми урматтуу мекендештер!
Жаңы жыл алдында жаңы үйлүү боло турган жарандарыбызды чын дилимден куттуктаймын.
Үй – бул үй-бүлөнүн турагы, алтын бешиги – ырыс-кешиги, жалпы кубанычы!
Жаңы үйүңүздөр менен бирге келечекке үмүт менен караган
жаңы жашоо башталсын!
Жаңы конушуңуздар кут болсун!
Анда эмесе, бүгүнкү салтанаттын урматтуу катышуучулары, үй алууга сабырдуулук менен кезекке туруп, мамлекетке ишеним артып келген жарандарыбызга батирлердин ачкычтарын тапшырууга өтөлү”.