ABC News телекомпаниясы жалган жалаа боюнча соттук доо арыз маселесинде келишүү үчүн АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трампка 15 миллион доллар төлөп берүүгө макул болду. Бул доо арызга алып баруучу Жорж Стефанопулостун ушул жылдын 10-мартындагы интервьюсундагы жалган билдирүүсү себеп болгон. Анда алып баруучу Трамп “зордуктоо боюнча айыптуу деп табылган” деп ырастаган эле.
ВВС жазганына караганда, соттук териштирүү Elle журналынын баяндамачысы Элизабет Жин Кэрроллдун айыптоосуна байланыштуу болгон. Ал “1996-жылы Нью-Йорктогу дүкөндөрдүн бириндеги кийим ченегич бөлмөдө Трамп мени зордуктаган”, - деп айткан эле. Жарандык соттун судьясы бул үчүн Трампты зордуктоо эмес, сексуалдык асылуу жана жалаа үчүн жоопкерчиликке тарткан.
Эми бул доо арызга байланышкан маселени жөнгө салуу келишимине ылайык, ABC News Трамп түзө турган “Президенттик фонд менен музейге” 15 миллион доллар төлөп берет жана бир миллион долларлык сот чыгымдарын жабат. Телекомпания мындан тышкары алып баруучусунун айтканына өкүнгөн расмий билдирүү жарыялоого да милдеттендирилди.