Жаңылыктар
Президент Мамлекеттик ипотекалык компания курган турак жай комплексин ачты
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Мамлекеттик ипотекалык компания курган турак жай комплексин ачты

 Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган турак-жай комплексинин ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысы салтанаттуу ачылышта өлкөдө узак мезгилден бери үйгө муктаж жарандарды турак жай менен камсыз кылуу маселеси мамлекеттин алдындагы негизги милдеттерден болуп келгенин айтты. Ал азыркы тапта республика боюнча турак жай алуу кезегине 40 миңден ашуун жаран катталганын белгиледи.

“Элестетип көрүңүздөр, 40 миң киши – дээрлик бир райондун, же бир шаардын калкы! Бирок биз бул көйгөйдөн качпай, “Көз коркок, кол баатыр” деген макалдагыдай, жарандардын үй маселесин четинен чечүүгө киришкенбиз”, - деп Садыр Жапаров сыймыктануу менен айтты.

Ал муктаждарга турак жай куруп берүү максатында мамлекеттик деңгээлде ири курулуш долбоорлору башталганына басым жасады.

Садыр Жапаров мурда мамлекеттик ипотекалык насыялар коммерциялык банктар аркылуу берилип, мындай жагдайда өлкөдө турак жай фондунун тартыштыгы алардын бааларынын кескин өсүшүнө алып келгенин, бул дагы калың элге жеткиликтүү болбой, маселе чечилбеген бойдон туруп калганын айта кетти. Ал мамлекет турак жай фондун кеңейтип, көп кабаттуу үйлөрдү салууга киришкенин белгилеп, ошол аракеттин алгачкы үзүрү көрүлө баштаганына токтолду.

Президент бул масштабдуу долбоорлор мамлекеттин каржылык колдоосу менен ишке ашырылып, курулуш үчүн олуттуу бюджеттик каражаттар бөлүнүп жатканын кошумчалады. Мындан тышкары, эл аралык жана жергиликтүү инвесторлорду тартуу менен курулуш иштерин тездетүү жана сапатын жакшыртуу боюнча чаралар көрүлүүдө.

Садыр Жапаров Константин Скрябин көчөсүндөгү 7 блоктон турган бул көп кабаттуу турак жай комплекси 2023-жылы салынып башталганын айтты. Анын ар бири 15 кабаттан болуп, жалпысы 549 батир курулду. Бул батирлер Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу кезекте турган социалдык багыттагы кызматкерлерге жана ошондой эле курулушка 50% үлүш кошуу шарты менен кирген мигранттарга жана башка жарандарга берилмекчи. Ал 50% өлчөмүндөгү алдын ала төлөмдөр кезекте турган кийинки жарандарга турак-жай курууну тездетүүгө бир топ эле көмөкчү болорун эскерте кетти.

Президент эми кезекте турган жарандар мурдагыдай 10 жыл күтпөй турганын белгиледи. Алар жакын арада батирлерин ала алышат. Ал аргасыз чет өлкөгө кетип же батир ижарасын төлөп жүргөн Кыргызстандагы бир дагы үй-бүлө үйсүз калбашы керектигин белгилеп, ар бир үй-бүлөнү турак-жай менен камсыз кылуу максаты жакын арада толук ишке ашарына ишендирди.

Садыр Жапаров жакынкы күндөрдө мурдагы №47 колониянын ордуна курулуп жаткан турак жай долбоорунун алгачкы этабынын ийгиликтүү аякталышы күтүлүп жатканын айтты. Ал дагы миңдеген шаардыктарды турак жай менен камсыздайт.

Мамлекет башчысы өлкөбүз сейсмикалык активдүү чөлкөмдө жайгашкандыктан, турак жайлардын курулушунун сапатына чоң маани берилип жатканын айтты. Бардык иштер улуттук курулуш ченемдери менен талаптарына жана эл аралык стандарттарга ылайык ишке ашырылууда. Ал ар дайым курулуштун ар бир этабына катуу көзөмөл жүргүзүлүшүн талап кылганына, заманбап материалдар колдонулушуна басым жасады. Бул турак-жай комплексинин аймагында заманбап инфратүзүм: эс алуучу жашыл зоналар, балдар аянтчалары, спорт аянтчалары жана унаа токтотуучу жайлар эске алынганын айтты.

Ал өз сөзүндө мамлекеттик ипотека менен үй алуу процесси толугу менен санариптештирилгенин, кезекке тургандарды “жакын тааныштары аркылуу” алдыга жылдыруу, же башка жолдор менен кезегин эртелетүү мүмкүн эместигин, түзүлгөн система бардык жарандарга бирдей мүмкүнчүлүк берип, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербей турганына токтоло кетти.

Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания алдыдагы 5 жыл ичинде 40 миңден ашуун үй-бүлөнү турак-жай менен камсыз кылуу максатын көздөп жатканын айтты. Компаниянын мындай амбициялуу пландары кыргыз жарандарынын жашоо шарттарын жакшыртууга жана социалдык туруктуулукту камсыз кылууга багытталганын белгиледи. Президент бул турак жай долбоорлору мамлекеттин социалдык жана экономикалык стабилдүүлүгүн чыңдоого багытталган туруктуу саясатынын натыйжасы экенин айтып өттү.

Андан соң Мамлекет башчысы 27 жылдан бери Улуттук телерадиокорпорацияда журналист болуп иштеген Сонунбү Кадыровага жаңы батирдин ачкычын тапшырды.

Сонунбү Кадырова 22 жашында Бишкекке окууга келгенин, 34 жылдан бери борбордо жашаганын айтты. Ал белгилегендей, эч качан өзүнүн жеке үйү болгон эмес жана батирди ижарага алууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, балдары менен вагондо жашоого туура келген, кээде алар көчөдө да калып калышкан. Анын айтымында, акыркы 2-3 жылда гана ижарага алган батирге көчүп барып, ал үчүн ай сайын 25 миң сом төлөп келген. Ал Президентке көрсөткөн колдоосу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, өз батирин алуу өзү жана анын үй-бүлөсү үчүн чыныгы жомоктогудай эле болгонун баса белгиледи.

Сонунбү Кадырова карапайым жарандардын муктаждыктарына көңүл бурулганына терең ыраазычылыгын билдирип, бул күн анын жашоосундагы эң бактылуу учурлардын бири болгонун белгиледи.

Иш-чаранын расмий бөлүгү аяктагандан кийин Президент Садыр Жапаров турак-жай комплексин, бүткөрүлгөн курулуш иштеринин сапатын, бир нече батирлердин ичин көрүп чыкты.