Жаңылыктар
Ташиев: 1174 объект мамлекетке кайтарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ташиев: 1174 объект мамлекетке кайтарылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жыл башынан бери жалпы баасы 130 млрд 510 млн сомдук 1174 объектини мамлекетке кайтарганын бүгүн, 17-декабрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди.

Ташиевдин айтымында, анын ичинен учурда 8 млрд 963 млн сомго 44 объект сатылган.

«184 объект мамлекетке өткөрүлүп берилди. Булар  пансионаттар, стадиондор, балдар лагерлери, мектептер, бала бакчалар, заводдор,  соода аянтчалары жана жер тилкелери. Алардын жалпы баасы 47 млрд сомду түзөт.  Бүгүнкү күндө калган 945 объект Мамлекеттик мүлк агенттиги тарабынан  сатылууда», — деди ал.

Ташиев кайтарылган объектилердин баары агенттик тарабынан аукцион аркылуу сатыларын баса белгиледи.