Бүгүн, 17-декабрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев кийинки президенттик шайлоого катышпай турганын айтты.
Анын айтымында, Садыр Жапаровдун мамлекет башчылыгына ат салышууга толук укугу бар.
«Мен азыркы президентти колдойм. Кимди президент кылабыз? Равшана Жээнбековбу же Бекназаровабы? Болбосо Алмазбек Атамбаевди кайра алып келип президент кылалыбы? Биз баарын көрдүк», — деди Ташиев.