Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына карата Ат-Башы районунунда форум өттү.
Ат-Башы айылындагы "Чатыр-Көл" кинотеатрында өткөн форумга белгилүү жазуучулар, тарыхчылар, санжырачылар, изилдөөчүлөр, профессорлор, тилчилер, манасчылар чакырылды. Анда Манастын Хан Кошойго келишинен сахналыштырылган көрүнүш тартууланып, эпостон үзүндү айтылды, "Манас" эпосундагы Ат-Башы жеринин орду жөнүндө баяндама жасалды.
Район башчысы Эмилбек Абдыкадыров Ат-Башы жергесинин кыргыз тарыхындагы ордун, касиетин, баалуулугун белгилеп иш-чараны уюштуруунун максаттарына токтолду.
“Форум аркылуу Кошой бабанын, Кошой-Коргондун, Чеч-Дөбөнүн жана Ат-Башы районунун кыргыз тарыхындагы ордун талдап, муундан-муунга тарыхтын башаты катары өткөрүп берүүнү, “Манас” эпосундагы Ат-Башы жергесинин орду, андагы тарыхый каарман Хан Кошойдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактап калуудагы ролун даңазалоо максат болду”, - деди аким.
Форумдун жүрүшүндө “Ат-Башы жергесинин кыргыз тарыхындагы орду” тууралуу жазуучу, тарых изилдөөчү, санжырачы Асыкбек Оморов, “Кошойдун Манас эпосундагы, кыргыз тарыхындагы орду” жөнүндө филология илимдеринин доктору Мээрим Көлбаева, “Ат-Башы жергесинин тарыхы, Ат-Башы энциклопедиясы” боюнча балдар акыны, жазуучу, журналист жана котормочу Ысмайыл Кадыров, ал эми “Кыргыз элинин диний маданияты” туурасында коомдук ишмер, теолог Мамбетасан Ибраев баяндама жасады.
Соңунда Ат-Башы жергесинин кыргыз тарыхындагы орду, өрөөндөгү Таш-Рабат, Кошой-Коргон, Чеч-Дөбө, Семетейдин үңкүрү, Кыз Сайкалдын ору сыяктуу бир катар тарыхый жайларды илимий жактан изилдөө иштерин улантуу үчүн резолюция кабыл алынды.
Мындан тышкары резолюцияда Ат-Башы тарыхы тууралуу китеп жазуу, 2025-жылы Ат-Башы өрөөнүнүн кыргыз тарыхындагы ордун талкуулаган илимий конференцияны Бишкек шаарында өткөрүү, райондогу тарыхый жайлар жайгашкан аймактарда экологияны сактоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү менен туристтик инфраструктураны жакшыртууну колго алуу белгиленди. Аны менен катар эле райондогу бардык билим берүү мекемелеринде, эмгек жамааттарда улуттук баалуулуктар, нарк, адап-ахлак, райондун тарыхын таанытуу максатындагы семинар-окууларды уюштуруу зарылдыгы белгиленди.