Жаңылыктар
Адылбек Касымалиев Министрлер кабинетинин төрагасы болду
Кыргызстан жаңылыктары
Адылбек Касымалиев Министрлер кабинетинин төрагасы болду

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Адылбек Касымалиев мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттик администрациянын жетекчиси болуп дайындалды.

Президенттин башка жарлыктары менен Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарлыгына Данияр Амангелдиев, экономика жана коммерция министри кызматына Бакыт Сыдыков дайындалды.

Министрлер кабинетинин төрагасы баш болгон курам бүгүн Жогорку Кеңеште ант берди. Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров салык системасындагы алешемдиктер үчүн кызматтан кеткенин билдирип, аны саясатташтырбоого чакырды жана жаңы төрагага ийгилик каалады.

Адылбек Касымалиев 16-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ага чейин Министрлер кабинетинин биринчи орун басары болуп турган.

64 жаштагы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Долон айылында туулган. 1984-жылы Ленинград Каржы-экономика институтун экономист адистиги боюнча аяктаган. 2015-2018-жылдары Кыргызстандын финансы министри, ага чейин өлкөнүн Салык кызматын жетекчиси, экономика министринин орун басары болгон.