Жаңылыктар
Майрам күндөрдү кыскартуу боюнча жаңы Эмгек кодекси кабыл алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Майрам күндөрдү кыскартуу боюнча жаңы Эмгек кодекси кабыл алынды

Жогорку Кеңеш бүгүн Эмгек кодексине киргизилген өзгөртүүлөр боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды.

Андагы өзгөртүүлөргө ылайык, 23-февраль, 7-апрель жана 7-8-ноябрь майрам бойдон кала берет, бирок ал күндөр буга чейинкидей эс алуу эмес, жумуш күнү болот. Ишемби, жекшембиге туш келген майрамдар үчүн башка күнү дем алыш болбойт. Январдын башында жаңы жылдык, май айынын башында майрамдык эс алуу күндөр болот.

Долбоорду Министрлер кабинети иштеп чыккан.

Кыргызстанда алгачкы Эмгек кодекси 1998-жылы, азыр колдонулуп жаткан экинчи редакциясы 2004-жылы кабыл алынган.