Бүгүн, 19-декабрдан тарта Бишкек - Сокулук (Сары-Өзөн) багытында жүргөн № 32 муниципалдык автобус каттамы ишке кирди. Бул тууралуу Мэриядан билдирди.
Маалыматка караганда, акыркы аялдама тоок фабрикасында жайгашат. Күн сайын 25 автобус каттамга чыгат, жүрүү аралыгы 10-14 мүнөттү түзөт.
Жол кире акысы 35 сом. Ал эми Бишкек шаарынын аймагында 20 сом.
"Автобус каттамы Сокулук районунун тургундарынын өтүнүчү менен ачылды. Жол кире акысы Сары-Өзөн айылдык кеңешинин чечими менен 35 сом болуп бекитилди", - деп айтылат маалымат.
Белгиленгендей, туруктуу каттам ачылгандыктан, убактылуу иштеп жаткан № 19 автобус каттамы ишин токтот. Бажы жана катоо процедураларын аяктаса, Isuzu үлгүсүндөгү автобустарга алмаштырылат.