Жаңылыктар
Бишкек - Москва поезд каттамы кайра каттай баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек - Москва поезд каттамы кайра каттай баштады

Бишкек - Москва багыты боюнча алгачкы поезд 18-декабрда 20:40та жүргүнчүлөрү менен жолго чыкты. Поезд мурда Москвадагы Казан темир жол бекетине токтосо, эми Павелецкийге барат. Жол жүрүү убактысы үч күн. 

Билеттин баштапкы баасы 11 000 сомдон башталып, 35 пайыздан 5 пайызга чейин арзандатуулар болот. Баа шарттарга жараша өзгөрүп, вагондун категориясына, билеттин сатып алуу мөөнөтүнө, сапардын алыстыгына байланыштуу болот. 

Аталган каттам боюнча поезд Бишкектен шаршемби жана ишемби күндөрү чыгып, Москвага ишемби жана шейшемби күндөрү жетет. Ал эми Москвадан поезд жекшемби жана шаршемби күндөрү чыгып, Бишкекке шаршемби жана ишемби күндөрү келет. Билеттерди Бишкек-2, Беловодск, Кара-Балта, Кайыңды, Мерке, Ош жана Жалал-Абад бекеттеринин кассасынан алса болот. Каттамда жалпысынан 7, анын ичинде 2 купелик жана 5 плацкарттык вагон бар. 

Бишкек-Москва багыты боюнча темир жол каттамы 2020-жылы пандемиядан улам токтотулган. 4,5 жылдык тыныгуудан кийин каттам кайрадан жанданды.