Жаңылыктар
Садыр Жапаров: Кыска убакытта өлкө экономикасын эки жарым эсеге көбөйттүк
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров: Кыска убакытта өлкө экономикасын эки жарым эсеге көбөйттүк

Өлкө экономикасы кыска убакытта 2,5 эсеге өстү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайдагы кайрылуусунда билдирди.

Өлкө башчы белгилегендей, мамлекеттин экономикалык өсүшү жаңы тарыхый чектерди багындырууда.

“2020-жылы ички дүң продукциянын көлөмү 639 млрд. сомду түзсө, быйыл 1,5 трлн. сомдук чекке жетүүнү пландап жатабыз. Бул кыска убакыттын ичинде өлкө экономикасынын көлөмүн 2,5 эсеге көбөйттүк дегенди билдирет. Жылдан жылга өлкөнүн бюджети да тездик менен өсүүдө. Бюджет 2020-жылы 247 млрд. сомду түзгөн. Быйыл жылдын аягына чейин 687 млрд. сомго жеткиребиз, бул 2020-жылдын көрсөткүчүнөн дээрлик үч эсе жогору. 2025-жылы 700 млрд. сомдон ашырып, муну менен биз өлкөнүн финансылык өзөгүн мындан ары да бекемдей беребиз", - деди президент.