Жаңылыктар
Садыр Жапаров: "Жакынкы жылдары дагы 40 миңден ашык батир курулат"
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров: "Жакынкы жылдары дагы 40 миңден ашык батир курулат"

Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда мамлекет башчы Садыр Жапаров жакынкы жылдары 40 миңден ашуун батир курулуп бүтөрүн жана жарандардын өлкөдө туруктуу жашоосу үчүн шарттар түзүлүп жатканын белгилди.

“Жакынкы жылдары өлкө боюнча 40 миңден ашуун жаңы батирлерди куруп бүтүрөбүз. Миңдеген үй-бүлөлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, жаңы жашоого реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү жаратууга аракеттенүүдөбүз. Биз турак жайды мындан да жеткиликтүү кылуу, аймактардын экономикасын чыңдоо жана үй-бүлөлөрдүн узак мөөнөттүү бакубаттуулугун камсыз кылуу үчүн ипотекалык турак-жай курулушун каржылоону мындан ары да уланта беребиз”, - деди Садыр Жапаров.