Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасы толугу менен чечилгенин билдирди.
«Көп жылдар бою бизди түйшөлткөн - чек ара маселеси эле. Коңшубуз Тажикистан менен чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыкты. Эми эки тараптуу чечимдерди формалдуу бекитүү иштери гана калды. Чек ара маселелери боюнча бири-бирибизди түшүнүүнүн жана бардык тараптуу сүйлөшүүлөрдүн, дипломатиялык чеберчиликтин, тынчтык менен туруктуулукту бекем сактоонун аркасында ийгиликтерге жетиштик. Бул биздин өлкө үчүн тарыхый мааниге ээ. Чек ара маселесинин 100 пайыз чечилиши менен эл аралык кызматташууларда жаңы мейкиндиктерди ачып, чек арага чектеш жайгашкан аймактардын гана эмес, бүтүндөй республикабыздын ишенимдүү өнүгүшүүнө бекем мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Баарынан да чек арага жакын аймакта жашаган мекендештерибиздин коопсуздугу жана келечеги камсыз болду. Мурда чек араларда бөлүнүү сызыгы болуп келсе, бүгүн ал биригүүнүн жана кызматташуунун символу болуп калды», — деди президент.