Жаңылыктар
Кыргызстан өнүгүү багытында эл аралык рейтингде алдыда
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан өнүгүү багытында эл аралык рейтингде алдыда

Быйыл Кыргызстан өнүгүү багытында эл аралык рейтингде 77-орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайдагы кайрылуусунда билдирди.

“Өлкөбүз өнүгүү багытында бара жатканын эл аралык рейтингдердеги көрсөткүчтөр тастыктоодо. Маселен, тынчтыктын глобалдык индексине ылайык, 2023-жылы Кыргызстан 101-орунда эле, ал эми 2024-жылы 77-орунга көтөрүлдү. Көрүнүп тургандай, бир эле жылдын ичинде биз өзүбүбүздүн абалыбызды 24 позицияга ишенимдүү жакшыртканбыз. Башкача айтканда, өлкөбүздүн коопсуздугу 24 позицияга артып, улуттук коопсуздугубуздун бекемделгенин күбөлөндүрүп турат. Биз Кыргызстан коопсуздуктун, туруктуулуктун жана мыйзамдын үстөмдүгү орногон мамлекет болушуна умтулуудабыз", - деп белгиледи президент.