Жаңылыктар
Президент: Көп балалуу үй-бүлөлөргө 2 млн. сомдон берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Президент: Көп балалуу үй-бүлөлөргө 2 млн. сомдон берилет

2026-жылдын январь айынан тартып көп балалуу үй-бүлөлөргө 2 млн. сомдон берилет. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда Садыр  Жапаров билдирди.

Өлкө башчынын айтымында, мамлекет көп балалуу үй-бүлөлөрдун санынын өсүшү үчүн олуттуу кадамдарды жасоодо. 2026-жылдан тартып өлкөнүн бийик тоолуу жана алыскы аймактарында туруктуу жашаган көп балалуу энелерге финансылык төлөмдөрдү берүү пландаштырылууда.

 Алсак:
 – төртүнчү балага –100 миң сом;
 – бешинчи балага – 600 миң сом;
 – жетинчи балага – 1 млн сом;
 – сегизинчи балага – 1 млн 200 миң сом;
 – тогузунчу балага –1 млн 500 миң сом;
 – онунчу жана андан көп балага –2 млн сом берилет.

Садыр Жапаров көп балалуу болгондорду колдоо келечекте Кыргызстандын бакубаттуулугуна болгон инвестиция болуп эсептелерин кошумчалады.