Жаңылыктар
Элдик курултайга катышып жаткан нарындык делегаттар 30 маселе көтөрөт
Кыргызстан жаңылыктары
Элдик курултайга катышып жаткан нарындык делегаттар 30 маселе көтөрөт

Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкекте III Элдик курултай өтүп жатат. Ага Нарын облусунан 43 делегат катышууда. Алар негизги делген 30дай маселени көтөрүп, бийликке жеткиришет.

Алсак Ат-Башы районунан барган делегаттар Ак-Моюн жана Талды-Суу айылдарын бириктире турган көпүрө, Кошой коргон чебине “Кошой Ордо” этнокомплексин, Ичке Таш-Рабат каналын куруу, Үч-Суунун куймасы деп аталган сууга чакан ГЭС салуу жана райондук ооруканага томограф аппартын алуу маселесин көтөрүшсө, Нарын шаарынан барган делегаттар Ат-Башы районунун Ак-Сай жана Арпа өрөөнүнөн шаардыктардын малы үчүн 20 миң гектар жайыт чечип берүүнү суранышат. Анкени Нарын шаарында 23 миң кой-эчки, 3 миңдей уй, жылкы бар. Бул маселе чечилсе шаардын беш аймагынан беш чабан уюштуруу колго алынат.

Нарын районунан барган делегаттар Оттук айылында курулушу Союз убагында башталып бүтпѳй калган Байдылуу каналына суу топтоочу жай куруу, ирригация тутумдарын, жол каттамдарын, кѳпүрѳлѳрдү жана Казан-Куйган айылына ичүүчү таза суу тутумун оңдоо, Ак-Сай, Арпа өрөөнүндө жайлап-кыштаган малчылардын турмуш-тиричилигине жана саламаттыгына байланышкан маселелерди жөнгө салууда интерент байланышын жеткирүү, жарандардын турак-жайга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо менен миграциянын алдын алуу үчүн айылдарга көп кабаттуу үйлөрдү салуу, ишкерликти өнүктүрүү үчүн бир миллиард сом бөлүп берүү, райондун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен кышкы туризмди өнүктүрүү үчүн тоо лыжа базасынын курулушуна инвестор тартып келүү сыяктуу алты маселени сунуштайт.

Ал эми Кочкор районунан шайланган делегаттар 15 маселе менен кетишкен. Алардын эң негизги делген алты маселеси курултайдын трубунасынан айтылат. Алардын арасында Кочкор районунан Токмок шаарына Шамшы ашуусу аркылуу жол ачуу, Кочкор районуна электр энергиясынын лимитин көбөйтүп берүү, Кум-Дөбө айыл аймагы боюнча Ак-Жар айылындагы Түндүк суунуна БДР куруу, Токой чарбасынын жерлерине балык өстүрүүнү токтотуу, Чоң-Туз шахтасын мамлекеттин карамагына алуу маселелери бар. 

Акталаалык делегаттар 1960-жылдары курулуп, ушул күнгө чейин пайдаланылып келген 90 чакырымды түзгөн Баетов - Кош-Дөбө шагыл автожолун капиталдык оңдоодон өткөрүү, Нарын-Баетов жолунун  курулушун бүткөрүү, турак жай салууга жер алуу үчүн  кезекте тургандар үчүн район боюнча 1776 гектар жер аянтын калктуу конушка которуу, беш айылдын элин сугат суу менен камсыздоо үчүн Жаман-Даван дарыясына суу топтоочу бассейн, суу алуучу башкы курулма курууга каражат чечүү, Ала-Буга насостук станциясынын  каналдарын калыбына келтирүүнү республикалык бюджетке киргизүү маселесин көтөрүшүп, өлкө башчы Садыр Жапаровду Ак-Талаа элинин атынан районго  келип берүүнү суранышат.

Ошондой эле жумгалдык делегаттар райондун инфраструктурасын жакшыртуу, өнөр жай ишканаларын куруу, экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу максатында мамлекет тарабынан 200 миллион сом колдоо сурашат. Мындан тышкары, Жумгал районунда жайгашкан көмүр өндүрүүчү ишканалар тарабынан район калкына көмүр сатууда жеңилдиктерди киргизүү, көмүр өндүрүүдө экологияга тийгизген, жайыттарга жана  жергиликтүү калктын саламаттыгына келтирилген зыянды алдын алуу, ирригация маселелерин жакшыртуу долбоорлорун тездетип ишке ашыруу, жаштарды колдоо максатында турак жай менен камсыз кылуу үчүн жер аянттарын трансформациялоо иштерин тездетүү маселелерин өкмөт мүчөлөрүнө сунушталат.