Бүгүн Талас районуна караштуу Чат-Базар айылында мамлекеттик “Эл Аман” дарыканасы ачылды. Дарыкана Талас облусундагы 6-мамлекеттик дарыкана болду. Анын ачылышына саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева катышты.
Жаңы ачылган “Эл Аман” дарыканасында ушул тапта дары-дармектердин 500дөн ашык түрү коюлган. Мамлекет бул дарыканаларды 3 миңден ашуун дары-дармектин түрү менен камсыздап келет.
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаеванын маалыматына ылайык, быйыл республика боюнча 100 мамлекеттик дарыкана ачуу пландалган. Чат-Базар айылындагы “Эл Аман” дарыканасы өлкө боюнча 96-дарыкана болуп калды.
Талас районунда азыр 72 миң 58, ал эми Чат-Базар айылында 1 230 жаран жашайт.