20-декабрда Талас шаарында фермерлерди тейлөө борбору ачылды. Аталган борбордо дыйкандар үчүн айыл чарба, карантин, суу чарба, мал доктур, аз пайыз насыя берген банктардын кызматкерлери жана департаменттердин тажрыйбалуу адистери керектүү кенештерди беришет.
Фермерлерди тейлөө борборунан Талас, Бакай-Ата, жана Талас шаарынын дыйкандары кеңеш алышат.
Борбор Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр-жайы министрлиги тарабынан ачылды.