Урматтуу окурмандар, социалдык тармактарда УТРК сайтынын жасалгасына окшош дизайн менен жасалган баракча аркылуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, белгилүү саясатчы Бакыт Төрөбаевдин маеги делген материал тарап жатат.
Бакыт Төрөбаевдин сүрөтү коюлган бул материалда Immediate Fortuneге катталуу менен оңой акча табууга чакырык жасалган. УТРК бул материалга эч кандай тиешеси жоктугун жана ал жалган маалымат экенин билдирет.
Ошондой эле интернет колдоочуларды УТРК атын жамынган мындай фейк, жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырат!