Жаңылыктар
Бишкекте III Элдик курултай ишин жыйынтыктады (видео)
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте III Элдик курултай ишин жыйынтыктады (видео)

 Улуттук филармонияда эки күнгө созулган III Элдик курултай ишин жыйынтыктады. Курултайга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, аймактардан шайланып келген 700гө жакын делегат катышты.

Эки күн ичинде курултайда 150 делегат сөз сүйлөп, сунуш-пикирлерин айтышты. Мындан тышкары, кагаз түрүндө 2 миңден ашык кайрылуулар келип түштү.

Курултайдын делегаттары инфраструктураны өнүктүрүү, суу менен камсыздоону жакшыртуу, айыл чарбасын жана ишкердикти колдоо, мугалимдерди, дарыгерлерди жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды социалдык жактан коргоо сыяктуу маселелердин кеңири спектрин сунушташты. Өзгөчө көңүл ар кайсы региондордо майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борборлорду курууга бурулду.

Мындан тышкары, ата мекендик продукцияны экспорттоо, кайра иштетүү, азык-түлүк коопсуздугу жана минералдык жер семирткичтерди өндүрүү боюнча заводдорду куруу темалары көтөрүлдү. Делегаттар ошондой эле шаарларды өнүктүрүүгө каражат бөлүү жана чет өлкөдө жүргөн жарандардын көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүү, анын ичинде виза режимин жеңилдетүү боюнча сунуштар менен кайрылышты.

Президент Садыр Жапаров Курултайды жыйынтыктап жатып, делегаттардын суроолоруна жооп берүү менен өлкөнүн өнүгүүсүнүн ар кандай аспектилерине кеңири токтолду.

Элдик курултайдын жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.