Кыргызстанда эми жарандардын битир садакасы QR-код аркылуу төлөнөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайда суроолорго жооп берип жатып билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, ар бир мечитке QR-код төлөөчү электрондук программа киргизилет.
“Битир садаканы кутучага салып кетишет, бирок ал кутучада канча каражат топтолгонун жана кайсы жака кетип жатканын эч ким билбейт. Канчасы муфтиятка жеткизилет, канчасын өзү алат белгисиз. Эми ар бир мечитте QR-код менен төлөөчү электрондук программа киргизилет. Силер барып QR код менен төлөйсүңөр, ал муфтияттын жеке эсебине түшөт. Андан соң муфтият менен Аалымдар кеңеши кеңешип каражатты каяка жумшарын чечет”, - деди ал.
Ошондой эле мамлекет башчысы белгилегендей, даават жоюлбайт, бирок даават айтууга өзгөртүүлөр киргизилет.
“Кыргызстанда 80ден ашуун улут жашайт. Алардын 80 пайызы мусулмандар. Бирок бүгүнкү күндө ушул 80 пайыз 15 уюмга кирип алганбыз. Азыр XXI кылымда жашап атабыз. Телефон ар бириңердин колуңарда бар. Мына ошол жактан даават айта берсеңер болот. Бирок дагы бир жолу айтайын даават жоюлбайт. Болгону даават айтууда бир аз өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Анан үйүнө барып, такылдатып даават айткан эффективдүү дейсиңер. Эгерде адамдын жүрөгүндө ыйман жок болсо, үйүнө барып суткалап айтсаңар дагы аайтсаңар дагы ал адам баари бир тартылбайт”, - деди ал.