Жаңылыктар
Өзгөндө турак үйдөн чыккан өрт бир жаш өмүрдү жалмады
Кыргызстан жаңылыктары
Өзгөндө турак үйдөн чыккан өрт бир жаш өмүрдү жалмады

Өзгөн шаарында турак үй өрттөнүп, 3 жашар бала чарчап калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-декабрда Ош облусундагы Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Анын кесепетинен 4 жаран ооруканага түшүп, анын ичинен 3 жашар бала чарчап калды.

Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылып, өрт саат 09:03тө чектөөгө алынды.