Президент Садыр Жапаров бир катар кыргызстандыктарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо тууралуу жарлыктарга кол койгонун бүгүн өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун аткаруу комитетинин төрагасы, мамлекеттик ишмер Абдыкадыр Орозбековго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (көзү өткөндөн кийин).
Абдыкадыр Орозбеков - советтик кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздөөчүлөрдүн бири. Ал 1889-жылы азыркы Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Охна айылында туулган.
1925-жылы Кара-Кыргыз автоном облусунун Аткаруу комитетинин төрагалыгына шайланган. Советтик Кыргызстандын алгачкы жетекчиси катары белгилүү. 1938-жылы сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон. Ал кандай шартта өлтүрүлүп, сөөгү кайсы жерге коюлганы азырга чейин тактала элек.