Жаңылыктар
Нарындагы темир-бетон заводу менен кум карьери мамлекет менчигине алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Нарындагы темир-бетон заводу менен кум карьери мамлекет менчигине алынды

Баасы 1 млрд. 79 млн сомдук мурдагы Нарын темир-бетон заводу жана Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан жалпы аянты 6,6 га. болгон кум карьери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан кыймылсыз мүлк объектилерин мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында мурдагы Нарын темир-бетон заводу, ошондой эле Нарын дарыясынын боюнда жайгашкан жалпы аянты 6,6 га. кум карьери мамлекеттин балансына кайтарылды.

Маалыматка караганда 2002-жылы Нарын шаардык администрациясы жерге жайгаштыруу чөйрөсүндөгү өлкөнүн мыйзамдарын бузуу менен "Мунара Курулуш" акционердик коомуна Нарын дарыясынын боюндагы "Запин" участогунда жайгашкан жалпы аянты 6,6 га жер участогун бекитип бергени аныкталган. Буга чейин аталган жер тилкеси Нарын темир-бетон заводуна таандык болгон. Кийинчерээк буйруктун негизинде Нарын шаарындагы "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын жооптуу адамдары "Мунара курулуш" АКсынын ээсине 6,6 га жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт беришкен.

Бул факт боюнча материалдар маалыматтардын электрондук журналына катталып, көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы боюнча аталган участок Нарын шаардык мэриясынын балансына кайтарылды. Жүргүзүлгөн баалоо экспертизасына ылайык, темир-бетон заводунун жана карьердин базар баасы 1 млрд.79 млн сомду түзгөн.