Абдикарим Алимбаев Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулуп, анын ордуна Айбек Шаменов дайындалды. Бул тууралуу тескемелерге президент Садыр Жапаров кол койгонун бүгүн өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Айбек Шаменов буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборунун директору болуп келген.
Абдикарим Алимбаев Баткен облусун 2021-жылдан бери жетектеп келди. Президенттин дагы бир тескемеси менен ал ушул эле күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору болуп дайындалды.