Жаңылыктар
Камчыбек Ташиев Баткендин жаңы жетекчисин облус активине тааныштырды
Кыргызстан жаңылыктары
Камчыбек Ташиев Баткендин жаңы жетекчисин облус активине тааныштырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев бүгүн Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына жаңы дайындалган Айбек Шаменовду облус активине тааныштырды.

Айбек Шаменов буга чейин УКМКнын төрагасынын орун басары - Антитеррордук борбордун директору кызматын аркалап турган. Камчыбек Ташиев жетекчилерди жаңы кызмат орду менен куттуктап, жооптуу иштерине ийгилик каалаганын Баткен облустук бийлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн эртең менен Президент Садыр Жапаровдун тескемеси менен Абдикарим Алимбаев Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулуп, анын ордуна Айбек Шаменов дайындалган. Абдикарим Алимбаев Баткен облусун 2021-жылдан бери жетектеп келди. Президенттин дагы бир тескемеси менен ал ушул эле күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору болуп дайындалды.