Президент Садыр Жапаров 24-декабрдын кечинде иш сапары менен Орусиянын Санкт-Петербург шаарына барды. Мамлекет башчынын борту "Пулково" эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Санкт-Петербург шаарынын губернатору Александр Беглов жана башка расмий адамдар тосуп алды.
Мамлекет башчысы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
"Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында ЕАЭБдин Армения төрагалык кылган жылдык иштин жыйынтыктары чыгарылат, Биримдиктин ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери каралат, интеграциялык процесстерди тереңдетүүнүн келечектүү багыттары талкууланат.
Бир катар маанилүү чечимдерди жана документтерди кабыл алуу пландаштырылууда, анын ичинде ЕАЭБдин жана үчүнчү тараптын (үчүнчү тараптардын) бажы транзитинин бирдиктүү системасы жөнүндө Макулдашууга жана Биримдик жөнүндө келишимге иликтөөлөрдү жүргүзүүдө жана атайын коргоочу, демпингге каршы жана компенсациялык чараларды колдонуу же колдонбоо жөнүндө чечимдерди кабыл алууда өзгөчө механизмге тиешелүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго кол коюлат.
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин бейформал жолугушуусунда 2024-жылдагы өз ара аракеттенүүнүн жыйынтыктары чыгарылат, келечекке карата негизги милдеттер аныкталат, актуалдуу эл аралык жана регионалдык темалар боюнча пикир алмашуу болот", - деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.