Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кулаган учакта Кыргызстандын үч жараны болгонун казак маалымат каражаттары жазып жатышат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы бул боюнча маалымат текшерилип жатканын, кырсык болгон аймакка Казакстандагы кыргыз элчилигинин кызматкерлери жөнөп кеткенин билдирди.
Казакстандын Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун алдын ала берген маалыматы боюнча, бүгүн Астана убактысы менен саат 11:10до Баку – Грозный багытында учуп бара жаткан “Эмбраер – 190” учагынын экипажы Актау эл аралык аэропортунан авариялык кондурууну суранган. Бирок учак аэропортко 3 чакырым жетпей авиакырсыкка учураган. Аба кырсыгы болгон тилкеде куткаруу иштерин жүргүзүүгө 52 куткаруучу жана 11 техника тартылган.
Азербайжан Республикасынын ӨКМи алдын ала берген маалыматта учакта 67 адам болгон. Анын ичинде 5 экипаж мүчөсү бар. Азербайжандын 37, Орусиянын 16, Казакстандын 6 жараны, Кыргызстандын 3 жараны болгон. Учурда жалпы 28 адам ооруканага жеткирилген.