Казакстандын Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан алынган соңку маалыматка караганда, учак ичиндеги Кыргыз Республикасынын 3 жараны тең ооруканага жеткирилгенин Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Такталган маалымат боюнча алар: 1998-жылы туулган О.Т., 2004-жылы туулган А.Р. жана 1988-жылы туулган Э.Д. аттуу жарандар. Алар үчөө тең азыр Актау шаарындагы ооруканада.
Казакстан жана Азербайжандын Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин маалыматына ылайык, учак кырсыгынан кийин тирүү табылган жарандардын саны 32ге жетти. Буга чейин ооруканага 28 жаран жеткирилип, анын ичинен 26 жарандын өздүгү такталган. Калган жарандардын өздүгүн тактоо иши жүрүп жатат.
Учурда Кыргызстандын ӨКМнин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору Казакстан жана Азербайжан мамлекеттеринин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборлору менен онлайн түрдө байланышып, ыкчам маалымат алмашуу жүрүүдө.
Бүгүн Астана убактысы менен саат 11:10до Баку – Грозный багытында учуп бара жаткан “Эмбраер – 190” учагынын экипажы Актау эл аралык аэропортунан авариялык кондурууну суранган. Бирок учак аэропортко 3 чакырым жетпей авиакырсыкка учураган.
Азербайжан Республикасынын ӨКМи алдын ала берген маалыматта учакта 67 адам болгон. Анын ичинде 5 экипаж мүчөсү бар. Азербайжандын 37, Орусиянын 16, Казакстандын 6 жараны, Кыргызстандын 3 жараны болгон.